Бул жылы өлкөдө 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат жана ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерге бөлүштүрүлүп жеткириле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирген. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда 2022-жылы 123 миң китеп басылган бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп.

Маалыматка ылайык, билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт. Ал үчүн атайын жаңы техникалык каражаттар алынган. Мурун китептер жеке басмаканаларда даярдалып баасы бир кыйла жогору болгон.

2023-жылы республикалык бюджетте окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. (152 млн сом республикалык бюджет, 172 млн сом китептин ижарасынан түшкөн каражат).

Орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек болсо, бир китептин баасы орто эсеп менен 300-350 сомду түзсө, анда 1 447 717 окуучуга 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат.

«Быйылкы окуу жылында бир китептин ижара акысы 25 сомду түздү жана ал жылына бир жолу тѳлөнөт. Окуу китептерин ижарага берүү тартибине ылайык, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга окуу китептери бекер же жеңилдетилген шарттарда берилет.

Аларга беш же андан көп балалуу үй-бүлөдөгүлөр, социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар, ата-энесинин бири же экөө тең I жана II топтогу майып болгон үй-бүлөдөгү жана атасы же энеси гана бар үй-бүлөдөгү, аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндөгү, аскердик же кызматтык парзын аткарууда каза болгондордун же укук коргоо органдарынын майып болуп калган кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүндөгү окуучулар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жана ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар кирет.

Ал эми ижара акысынын 50 пайызын төлөп китеп алуу укугуна 3-4 баласы бар үй-бүлөнүн балдары ээ болот. Жалпысынан 2023-2024-окуу жылы мектептер үчүн 110 окуу китептери ижарага берилет.»,- деп айтылат ведомствонун маалыматында.

От admin