Активисттер президент Садыр Жапаровду жакында эле Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуковицкийдин жарандыгын жокко чыгарууга чакырып жатышат.

Блогер социалдык түйүндөргө кыргыз паспортун «оюн үчүн» гана алганын жазган. Кыргызстандыктар анын мындай мамилесине нааразылык билдирип, бийликтен кыргыз паспортун сурагандын баарына эле бере берүүнү токтотууну талап кылууда.

Жуковицкий 22-августта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, анда кыргызстандык журналисттерге нааразылыгын билдирген. Анын айтымында, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн айынан кыргыз бийлиги жарандык алгандардын тизмесин адаттагыдай ачык жарыялаган эмес. Ошол эле посттун алдына блогер Кыргызстандын паспортун «оюн үчүн» гана алып койгонун кошумчалаган.

«Менин 13 досум Кыргызстандын жараны болду. Мен жигиттерди сүйүнттүм бүгүн, негизи эле ар бир жарлык кубанычтуу окуя. Тилекке каршы, сиз бул маалыматты ачык текшере албайсыз. Америка жана Евробиримдик каржылаган жергиликтүү журналисттердин акылсыздыгынан улам бул жарлыктарды ачык койбой, жашырып коюуга туура келди. Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу жарлык акыркы жолу 2022-жылдын 31-декабрында жарыяланган, бирок аны да кийин жашыруун кылып коюшту. Жарандыкка эрте бергендер — азаматтар, эми жакында өзгөртүүлөр болуп, бул өлкөнүн жарандыгын алуу ыктымалдыгы жокко эсе болуп калат».

Орус блогеринин бул билдирүүсү көз жаздымда калган жок. Социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары аны Кыргызстандын жарандыгынан ажыратууну талап кылышты.

«Өзүн да «оюн үчүн» эле Кыргызстандын паспортунан ажыратып, персона нон грата деп жарыялаганга кудурет жетеби? Биздин паспортту «таза көңүл ачуу үчүн» алса болобу? Бул кемсинтүү эмеспи?! Биздикилер алардын аркасын жаап, кыргыз паспортун алышканын жашыруун сыр кылып жатат, алар болсо бетибизге жаба түкүрүп, бизди мазактап жатышат! Намыс барбы?!», – деп жазды активист Миржан Балыбаев.

Активист Руслан Акматбек да мындай мамилеге тез арада реакция кылууну талап кылууда.

«Мындай болбойт! Бул жалпы эле коомго, бүтүндөй өлкөгө түкүргөндүк! Андан сырткары бул окуя өлкөнүн беделине таасир этип коюшу мүмкүн. Эртең бул үчүн биздин эле жарандар кыйналып калышы мүмкүн, силер жакшы билесиңер да, азыр жарандарыбыз шенген визасын мурдагыдан аз алып калышты. Тактап айтканда жарандарыбыздын эркиндиги чектелүүдө. Ошол эле этностук кыргыздар, Кыргызстанга инвестиция тарткандар айлап-жылдап паспорт ала албай жүрүшөт. Ал эми санкцияга илинген «орус элитасы» чуркап келип, кыргыз паспортун дароо алууда. Азыр тизмени бекитип, көргөзбөгөнгө аракет кылышууда. Бул түмөн суроолорду жаратат. Демек, кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон, алар бар. Эми бул үчүн ким жоопкерчиликти өз моюнуна алат? Тийиштүү мекемелерден адекваттуу реакция болуп, кыргыз паспортун «прикол үчүн» алгандар биз бүтүндөй бир мамлекет экенибизди түшүнүп, биздин паспорттор баалуу экенин билиши керек».

Руслан Акматбек эмне үчүн өлкө бийлиги бир жагынан кызыкдар чет элдиктердин баарына паспорт берип, экинчи жагынан өз жарандарынан тартып алып жатканына баш катырууда.