Жазуучу, публицист жана коомдук ишмер Олжобай Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди.

«УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал бизге кеч маалым болуп, саат 8дерде кирдик. Коюлган айып боюнча айта кетсем. «Жапырт башаламандыкка чакырган, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырган» дейт. Ошондой эле «бийликти басып алууга аракет кылган» деген такыр эле негизгиз айыптоолор менен айыпталып жатат. Олжобай Шакир онлайн тынчтык митингге чакырып жаткан. Азыр акылга сыйбаган айып коюлду«, — деди жактоочусу.

Бакыт Автандил Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы 24-августта түштөн кийин караларын кошумчалады.

Азырынча атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат тарата элек.