Орусиянын Тверь облусундагы Бологовский районунда «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин бараткан делген Embraer Legacy учагы кыйрады. Бул тууралуу РБК басылмасы өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) шилтеме кылып кабарлады.

ӨКМдин маалыматында борттогу он адамдын бирөө да тирүү калбаганы жазылган. ТАСС агенттиги Росавиацияга шилтеме кылып, жүргүнчүлөрдүн арасында Пригожин да болгонун кабарлады.

Бир катар Телеграм-каналдардын жазышынча, бортто «Вагнердин» командирлеринин бири Дмитрий Уткин да болгон.

ӨКМ кырсыкта каза тапкан сегиз жүргүнчүнүн жана экипаждын үч мүчөсүнүн аты-жөнүн жарыялады. Тизмеде Пригожин менен Уткинден башка Сергей Пропустин, Евгений Маркарян, Александр Тотьмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев жана экипаждын үч мүчөсү болгон. Валерий Чекалов Пригожинге таандык түзүмдөрдүн биринин жетекчиси. Бир катар басылмалар ал «Ровер» деген каймана ат менен таанымал болгонун жазууда.

«База» телеграм-каналы кырсык болгон жерде 10 кишинин сөөгү табылганын билдирди. Алар катуу күйүп калгандыктан таанылган эмес.

Учак калктуу конушка кулаган. Жеринен жарыяланган сүрөттөрдө борттун капталындагы RA-02795 деген жазууну көрүүгө болот. Бул «Вагнердин» башчысына таандык бизнес-жеттин номери. Пригожин бул учак менен «Вагнердин» козголоңунан кийин Беларуска учуп барган.

Учактын кулап түшүүсүнүн себептери тууралуу азырынча расмий комментарий берилген жок. Телеграм-каналдарда жана ЖМКда «бортто жарылуу болгон, учакты абадан коргоо күчтөрү атып түшүргөн» деген ар кандай божомолдор айтылууда.

Ал арада иликтөө башталганы, «Аба транспортунун коопсуздук жана эксплуатация эрежелеринин бузулушу» деген берене менен иш козголгону кабарланды.

Пригожинге караштуу түзүмдөр да окуя боюнча комментарий бере элек. «Вагнерге» байланыштуу Grey Zone каналы учакты «абадан коргонуу күчтөрү» атып түшүргөнүн билдирди.

Flightradar сайтынын маалыматында Москвадан чыккан учак Тверь облусуна келгенде радардан дароо жоголуп кеткен. Бул учак бийикте баратканда болгон. Учкучтар кырсыкка кабылганы тууралуу маалымат берген-бербегени белгисиз.

Кырсык болгон маалда абада Пригожинге караштуу дагы бир учак — борттук номери RA-02795 бизнес-жети болгон. Ал Москвага Санкт-Петербургдан бара жатып, Подмосковьедеги бизнес-авиацияга караштуу Остафьево аэропортуна конгон. Бул учакта кимдер болгону айтыла элек. Айрым Телеграм-каналдар Пригожин кыйраган учакка түшпөй, экинчи учакка отурушу мүмкүн экенин жазышты. Азырынча бул маалымат ырастала элек.

Июнь айында Пригожин жетектеген «Вагнердин» жоочулары Москвага куралдуу жүрүш уюштуруп, орус бийлиги муну козголоң катары сыпаттаган. Жалданма жоочулар орусиялык армияга таандык бир нече тик учакты жана согуштук учакты атып түшүргөн.

Кийин Пригожинге каршы козголгон кылмыш иши жабылып, сүйлөшүүлөрдөн соң «вагнерчилер» Беларуска кеткен.

21-августта Пригожин интервью берип, Африкада жүргөнүн жана «Вагнерге» жаңы жоочуларды тартуу иши жүрүп жатканын билдирген.

Евгений Пригожин — мурда абакта жатып чыккан, Петербургдагы ресторан бизнесин Кремлдин кирешелүү келишимдерине чейин жеткирген Путиндин жакын адамдарынын бири. Мындан улам ал «Путиндин ашпозчусу» деген атка конгон. «Вагнер» жеке менчик аскер компаниясын Дмитрий Уткин экөө негиздеген. Сирияда «Вагнердин» жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары менен таанылган. Орусия Украинага кол салгандан бери Пригожиндин ысымы медиадан түшпөй, негизги фигурага айланган.