Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта атайын техникаларды расмий тапшыруу аземи өттү.

Мотоблок, суу менен камсыздоо станциялары, генераторлор, өсүмдүктөрдү кыркуу жана чогултуучу шаймандарды камтыган жабдуулардын баасы 1 млн 620 миң 700 сомду түзөт.

Жардам Snow Leopard Run 2023 кайрымдуулук жарым марафонунун катышуучуларынан чогултулган, ошондой эле “Башта” басылмасы тарабынан чогултулган каражатка сатып алынды.

Маалымкат үчүн: Nomad Sport уюштурган Snow Leopard Run иш-чарасы Кыргызстандын спорттук турмушундагы маанилүү окуя болуп калды. Эл аралык кайрымдуулук жарышы бүткүл республикадан жана чет өлкөлөрдөн миңдеген катышуучуларды тартат. 2023-жылы ага 4 500 киши, анын ичинде, 500 бала катышкан.

2019-жылы биринчи жарым марафонго 3800 спортчу катышкан. Чогулган каражаттын олуттуу бөлүгү Илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага 32 фото капкан сатып алууга багытталган.

От admin