«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аймагындагы аялдама комплекстерди сырдоону баштады. Маалыматты Бишкек мэриясынын Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн ишкананын бригадасы асфальт-бетон заводунун жанындагы Элебесов көчөсүндөгү аялдамадан башташты жана Жибек-Жолу проспектисин көздөй бет алышты.

Белгилей кетсек, аялдаманын сырты ачык кызгылт сары түскө, ал эми ортосу боз түскө, таштанды челектери да ачык саргыч түскө боёлууда.

Ошондой эле, мыйзамсыз чапталган жарнамалык мүнөздөгү кагаздарды атайын тазалагыч менен тазалап жатабыз .

Урматтуу шаардыктар! Эгер Сиз жаркыраган аялдамаларды көрсөңүз, отурардан мурун айланаңызды караңыз, ал жер боелгон болушу мүмкүн!

Шаардыктардан жана биздин борбордун конокторунан шаардын мүлкүнө аяр мамиле жасоону жана жарнамалык мүнөздөгү кагаздарды чаптабоону суранабыз.