2023-жылдын 22-августунда Ысык-Көл районунун Бостери айылынын аймагынан, криминалдык чөйрөлөрдө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылынын «смотрящийи» аталган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Мусадаров Майрамбек Мусадарович кармалды.
УКМКнын Басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылы М.Мусадаров, Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, КР жаранынан 5000 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин К.Асанбекке өткөрүп берген.
Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.