2023-жылдын 23-август күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын апробациялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын максаты университеттин РhD докторантура программасында билим алып жаткан чет өлкөлүк докторанттардын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен таанышуу.

2021-жылдан бери университет бир катар багыттар боюнча аспирантуранын кесиптик илимий жана билим берүү PhD докторантура программасын жемиштүү иштеп келе жатат: тарых, укук, педагогика, лингвистика, философия, математика, журналистика, экономика, менеджмент, бизнести башкаруу, экономика жана менеджмент, программалык камсыздоо Инженерия, психология.

Иш-чаранын алкагында «Журналистика», «Педагогика», «Философия», «Экономика жана башкаруу», «Лингвистика», «Укук таануу» болуп, 6 секция иш алып барат жана 50дөн ашык илимий доклад окулду.