КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул ЖАКтын №3 мекемесинин 1-бөлүмүндөгү орто кесиптик окуу жайынын абалы менен жакындан таанышты. Анда эмгектенген мугалимдер сабактарга даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып беришти.

Абазбек мырза оңдолуп түзөлгөн жана заманбап станоктор, машиналар менен жабдылган аталган окуу жайды жана анда окуган жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн өндүргөн  продукцияларын көрдү.

Ошондой эле, орток есиптик окуу жайдын базасында ушул жылдын октябрь айында ачыла турган пенитенциардык пробация борбору тааныштырылды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана ЖАКтын жамааты менен биргеликте соттолгондордун билим алуусуна түрткү берүү, өндүрүш аймактарды ачуу, IT -технология тармагында жаңы кесиптерди киргизүү маселелерин талкуулашты.

Абазбек уулу Расул өз сөзүндө “Биздин министрлик программаларды жана онлайн өнүмдөрдү берүүгө даяр. Биз тараптан мүмкүнчүлүктүн жетишинче колдоо көрсөтүп,  абактардагы билим берүү шарттарын алдыга жылгандарга жардам беребиз”,-деп билдирди. 

Эскерте кетсек, 1969-жылдын 19-февралында эле Кыргыз ССРинин кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин буйругу менен  Новопокровкада №1 кесиптик окуу жай түзүлгөн. 53 жылдык агартуучулук ишмердүүлүгүндө окуу жайы тарабынан өз ишинин 10 миңден ашык чебери даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык, соттолгондордун баштапкы, жалпы жана кесиптик билимди акысыз алуусу аларды кайра социалдаштыруунун негиздери болуп саналат. Ошол эле учурда мыйзамга баш ийген жүрүм-турум, эмгекке ак ниет мамиле кылуу жана жумушка орношуу көндүмдөрүн алуу мурдагы кылмышкерлерди оңдоону баалоонун критерийлери болуп саналат.

Бүгүнкү күндө 12 түзөтүү мекемелеринде (№ 1, 2, 3, 8, 10, 14, 16, 27, 31, 32, 51) алты орто кесиптик окуу жайлар иштейт (№1, 3, 4, 5, 6, 7), анда 22 багыттагы эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер. Атап айтсак, жашылча өстүрүүчү, электрик, монтажчы, слесарь-сантехник, жыгач уста, токарь, куруучу, таш уста, шыбакчы, компьютер оператору, чач тарач, бут кийим тигүүчү, тигүүчү, жыгачтан жана булгаарыдан көркөм буюмдарды жасоочу, автослесарь, наабайчы ж.б. адистиктер. 5 айлык курстарды ийгиликтүү аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө тиешелүү сертификаттар берилет. Мисалы, 2022-2023-окуу жылында соттолгон 1037 адам орто кесиптик билим берүү жөнүндө документтерди алышкан, алардын 84ү аялдар. ЖАКтын мекемелеринде бардыгы болуп 942 соттолгон орто кесиптик окуу жайларга  кабыл алынды.

От admin