Жалал-Абад ОИИБдин башчысы эгиз балалуу болгон кызматкерге акчалай белек жана ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу

Жалал-Абад ОИИБ билдиргендей, бүгүн, 21-августта Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов эгиз балалуу болгон Жалал-Абад ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиция кызматкери Орманали Асановду куттуктады. Жеӊишбек Абитов эгиз балалуу болгон кызматкерге Жалал-Абад ОИИБдин  өздүк курамынын атынан 20 миң сом тапшырды. Ошондой эле кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын ыраазычылык каты ыйгарылды. Мындан сырткары Орманали Асановдун юридикалык жогорку билими болгондугуна байланыштуу офицердик курамда иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бар экендиги айтылып, документтерин даярдоо тапшырмасы коюлду.

30 жаштагы милициянын кенже сержанты Орманали Асанов ички иштер органдарында 2021-жылдан тартып кызмат өтөп келет. 31-июлда жубайы эгиз (1 уул, 1 кыз) төрөгөн. Учурда ал 3 баланын атасы.

От admin