Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар кайра ачкачылык жарыялай турганын билдиришти. Бул тууралуу алар 21-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумда айтышты.

Шектүүлөрдүн бири, саясатчы Азимбек Бекназаров тергөөнүн материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын билдирди.

“Мындай мыйзамсыз сотко катышпайбыз. Президентке, Жогорку Кеңешке жана эл аралык уюмдарга кайрылабыз. Биздин ачкачылык жарыялагандан башка аргабыз жок калды. Абактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр сотто күн тартибине киргизилген жок. Иштин материалдары менен таанышуу тартиби аныкталган жок. Сот жабык өтөт деген чечим да жок. Ошондуктан судьяга ишенбестик көрсөтөбүз”, — деди Бекназаров.

Иштин материалдары менен таанышуу үчүн деген негизде 21-августта соттук жараян болбой, кийинки отурум 5-сентябрга дайындалды. Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов буга чейин иш боюнча материалдар менен тааныша албай жатканын айтышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды «бийликти басып алууга аракет кылган» деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары май айында да ачкачылык жарыялап, кийин кайра токтотушкан.

От admin