Түркияда өлтүрүлгөн төрт түркмөн жаранынын сөөгү муздаткычтан табылганына байланыштуу жаңы маалымат чыкты.

Мекендештерин өлтүргөн деген айып менен камакка алынган Сапармурад Халлыев бул кылмышты 13-июнда «кызганычтан улам» жасаганын мойнуна алды.

«Milliyet» полициядагы булактарына таянуу менен: «Шектүү Халлыев сурак учурунда киши өлтүргөнүн мойнуна алып, бул кылмышка көзүмө чөп салган деп ойношу Гүлкамар Ханымовадан шектенип, ошондуктан үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгынан кутулууну чечкени белгилүү болду. Кылмышка шектүү 13-июнда алгач Руслан Керимовду өлтүргөнүн, андан соң аялды эки кызы менен өлтүрүп, сөөктөрдү жиликтеп, муздаткычка салганын айткан», — деп жазды.

Маалыматка караганда, Халлыев муздаткыч алуу үчүн жабырлануучулардын телефондорун саткан. Ал ошондой эле өлкөдөн качып кетүүнү пландаганын, ал үчүн керектүү акчаны топтоо үчүн Чешме шаарындагы курулушта иштөөнү улантканын айтты.

«Кылганыма өкүнбөйм, анын дагы бир кызын өлтүрмөкчү болгом», — деген түркмөнстандык.

18-июнда Түркиянын Измир шаарындагы батирлердин биринен төрт түркмөнстандык мигранттын сөөгү табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары түркмөн аял, анын эки кызы жана дагы бир түркмөн жигит мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөктөрү муздаткычтан табылганын кабарлашкан.

От admin