2023-жылдын январь-май айларында «Саламаттык сактоо» бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын аткарылышы 10,6 млрд сомду, же такталган жылдык пландын 36,9%ын түздү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттар боюнча аткарылуу такталган жылдык планга карата 1,7 млрд сомду, же 36,0%ды түздү, анын ичинде:

— 440 млн сом эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө каржыланды;
— гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө – 67,4 млн сом;
— дары-дармектерди сатып алууга – 674,5 млн сом;
— азык-түлүк сатып алууга – 17 млн ​​сом;

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 8,5 млрд сом бөлүндү, же 36,5%ын түздү, анын ичинде камсыздоо боюнча гемодиализ кызматтарына — 883,5 млн сом.

От admin