Түркиядагы Измир шаарынын Байраклы районундагы бир үйдө тоңдургуч жана муздаткычтын ичинен 4 кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 17-июнь күнү Адалет махаллесиндеги үйдөгү муздаткычтан Түркмөнстандан келген 1 адамдын сөөгү жана 3 аялдын кесилген денелери табылды. Тоңдургучтан табылган сөөктөр Түркмөнстандын жарандары Гүлкамар Ханымова, алардын кыздары Лейла Гелдиазова ,Лачин Гелдиазовага жана Руслан Керимов аттуу адамга таандык экени белгилүү болду. Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн текшерүү иштеринин натыйжасында майдаланган өлүктөр бир нече күн бою шкафтарда сакталып турганы белгилүү болду.

Кылмышка шектүү Түркмөнстандын жараны С.Х. Чешме районунда коопсуздук күчтөрүнүн операциясынын жүрүшүндө кармалды.

Окуяда колдонгон деп билдирген кылмыш куралы болгон бычак менен кармалган С.Х.нын кишилерди кызганычтан улам өлтүргөнү белгилүү болду.

От admin