Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров «Бишкексууканал» ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Орозовго жана Ленин районунун акими Муратала Тагаевге таза суу менен камсыздоо иштерин туура эмес жүргүзгөндүгү үчүн сөгүш жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, мэр өзүнүн орун басарларына жана шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилерине скважиналарды бургулоо, жолдорду жана тротуарларды куруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Райондук билим берүү борборлорунун жетекчилерин ротациялоо мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарына тапшырылды. Билим берүү башкармалыгына билим берүү уюмдары үчүн «Бишкекпекарня» муниципалдык ишканасынан нан азыктарын сатып алуу сунушун карап чыгып, киргизүү зарыл.

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директоруна автотранспорттук системаны өнүктүрүү концепциясы долбоорунун үчүнчү этабын ишке ашыруунун алкагында иштен чыккан автобустарды эксплуатациядан чыгарууну аяктоо, ошондой эле жол кайчылаштарын курууну баштоо тапшырылды.
Биринчи орун басар санариптик технологиялар борборунун ишин талдап чыгышы керек. Райондун жетекчилерине курулуп жаткан объектилердин тосмосунун сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана карамагындагы аймактарды көрктөндүрүү иштерин активдештирүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директоруна автоматташтырылган унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, ал эми жерди пайдаланууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысына мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо үчүн зарыл болгон атайын техникаларды сатып алуу боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилди.

От admin