Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору депутат Джамиля Исаева тарабынан демилгеленген.

Исаеванын айтымында, учурда балдар компьютер оюндары, өзгөчө интернет тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан сунушталган мыйзам долбоору балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, аны бузган жеке жактарга 2 миң сомдон, юридикалык жактарга 10 миң сомдон, ал эми зыяндуу материалдар маалымат каражаттарына же интернетке жарыяланса, 5 миңден 25 миң сомго чейин айып пул салынат.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

От admin