MyCollages 6
6 / 100

Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында, 12-августтан 13-августка караган түнү, болжол менен түнкү саат 03.30 чамасында белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, Чок-Тал айылындагы «Солнышко» пансионатынын аймагында жайгашкан «Медуза» кафесинин ашпозчусун сабаганын билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракаты менен райондук аймактык ооруканага жаткырылган.
Арыз райондук милициянын КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, кылмышка шектүүлөр тез аранын ичинде кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалгандар Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. болуп чыгышты. Сот тарабынан бөгөт коюу чарасы көрүлгөнгө чейин, шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

WhatsApp Image 2023 08 14 at 08.56.01 1

Loading

От admin