845c1ed3 580f 4ccb 9192 8f4457515d45
13 / 100

Кечээ, 2-августта 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы аскерлеринин, инженердик-сапердук түзүмдөрүнүн биргелешкен атайын-тактикалык «Достук — 2023» сабактарынын жана тренингдеринин жыйынтыктоочу салтанаты болуп өттү.


Салтанатка Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, аскер кызматчылар жана сабактардын жана тренингдердин катышуучулары катышты.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин жана Улуттук гвардиянын кол башчысынын атынан өзгөчөлөнгөн катышуучуларга сыйлыктар ыйгарылды.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине саякат уюштурулду.


Эскерте кетсек, биргелешкен атайын-тактикалык «Достук — 2023» сабактары жана тренингдери 2023-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин 20636 аскер бөлүгүнүн “Эдельвейс” окуп-машыгуу борборунда өттү.


Бир жума ичинде биздин аскер кызматчылар атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарынан өтүштү. Атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдыгы, ок атуу даярдыгы, байланыш боюнча сабактар уюштурулуп, инженердик-сапердук түзүмдөрү үчүн атайын даярдык сабактары да уюштурулду.

WhatsApp Image 2023 08 03 at 11.19.02 1
WhatsApp Image 2023 08 03 at 11.19.02
WhatsApp Image 2023 08 03 at 11.19.01 1
WhatsApp Image 2023 08 03 at 11.19.01

Loading

От admin

Добавить комментарий