BEK 3095
8 / 100

Рдын энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен бирге 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБдин даярдыгынын жүрүшү менен таанышты.

Энергетика министрлигинин жетекчиси жана Бишкектин мэри текшерүүнүн алкагында электрдик чыпкаларды, тегирмен жабдууларын жана жаңы энергетикалык блоктордун соркыскычтарын көрүштү.

Азыркы убакытта, Бишкек ЖЭБдин жана «ТВЕА» персоналы, №3-энергетикалык блокко контролдук сыноо жүргүзүп жатышат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын июнь айында 3-блок капиталдык оңдоого чыгарылган, ЖЭБдин жана ТВЕАнын кызматкерлеринин биргелешкен аракетинин натыйжасында, кыска мөөнөттүн ичинде блокту капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жетишти.

2017-жылдан бери, энергетикалык блокторду эксплуатациялоо мезгилинен баштап капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Блоктор, өзгөчө жылытуу мезгилинде, жылуулук жана электрдик чоң жүктү көтөрүшөт, ошондуктан орнотулган 300 МВт долбоордук кубаттуулуктун 210 МВт чейин төмөндөшү байкалган, бул электр энергиясын иштеп чыгууга таасирин тийгизет.

Капиталдык оңдоо иштердин натыйжасында долбоордук кубаттуулукка чейин көтөрүлөөрү күтүлүүдө (300 МВт).

Ал эми, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында №4-энергетикалык блок пайдаланууга берилиши күтүлүп жатат.

Маалымат үчүн, контролдук сыноо процессин жүргүзгөндөн кийин, турбиналык агрегат белгилүү бир убакытка чейин кубатталып турушу керек жана контролдук сыноо ийгиликтүү аяктагандан кийин гана энергетикалык блок ишке киргизилет.

Loading

От admin