IMG 20241001 193704 516
8 / 100

Пенсия — ыңгайлуулукта жашоого убакыт келди. Бакай Банктан жаңыланган «Пенсионердин картасы» менен каражат табыңыз!

«Бакай Банк» жаңыланган «Пенсионердин картасын» ишке киргизет – канчалык пайдалуу болсо, ошончолук ыңгайлуу!

Жаңы продукт «Элкарттын» стандарттуу картасынын негизинде иштейт. Бизпенсионерлерге жөн гана картаны эмес, акчасын үнөмдөп, ал тургай каражат табууга көмөк боло турган уникалдуу кызматтары бар продуктту сунуштайбыз. Эми пенсиялык картанын колдонуучулары төмөндөгүдөй бонустарды ала алышат:

● Дарыканалардагы сатып алуулар үчүн5% кешбэк – ден соолук баарынан маанилүү, эми мурдагыдан да пайдалуу.

● Калган бардык сатып алуулар үчүн 1% кешбэк – карта менен жасаган ар бир аракетиңизден акча кайтып келип турат!

● Банк картада калган 10 миң сомдон жогорку суммага анын 2 %ын эсептеп кошот, муну менен сиздин акчаңыз кошумча каражат табуучу булакка айланат. Бул акчаңызды жөн эле картада сактоо менен аны көбөйтүүнүн мыкты жолу.

● Кыргызстандын каалаган банкоматынан акча накталоо КОМИССИЯСЫЗ. Эми сиз ылайыктуу банкомат издеп жүрбөйсүз, бул жагдай карта колдонууну жөнөкөй жана пайдалуу кылат.

«Бакай Банк» кызматтардын толук топтомун акысыз көрсөтүү менен кардарларына кам көрөт. Эсеп ачуу, карта чыгаруу жана аны тейлөө – мунун баары акысыз.

Мындан тышкары, Карылардын Эл аралык күнүнүн урматына 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Бакай Банктан “Пенсионердин карталары” боюнча акция башталат.  Картаны ачууда ар бир кардарга Globus, SPAR жана Народный гипермареттеринен соода кылуу үчүн 1000 сомдук купон берилет.

Картаны кантип алса болот?

 1. “Пенсионердин картасын” толтуруу үчүн паспорт менен банкка келиңиз. Банк кызматкерлери картага керектүү кагаздарды толтуруп сизге жаңы реквизиттерди беришет. Карта Бишкек шаарында 5 жумуш күнүнөн кийин даяр болот (шашылыш түрдө – 2 күндө, аймактагыларга болсо жеткирүү убактысынэсепке алганда 10 күн ичинде тийип калат).

2. Банктан алынган реквизиттерди Социалдык фондго алып барып пенсияны жаңы эсепке которуу тууралуу билдирме толтуруу керек.

3. Карта даяр болору менен сиздин уюлдук телефонуңуздун номерине SMS-билдирүү барат.

4. Пенсиялык картаңызды Банктын бөлүмдөрүнөн алып кетесиз жана бул учурда сизге гипермарткеттерден сатып алууларды жүргүзүүгө 1000 сомдук купон берилет!

Бакай Банктан «Пенсионердин картасын» 2024-жылдын 1-октябрынан баштап толтуруп, бардык артыкчылыктарды акысыз пайдаланыңыз!

Колдоо, ыңгайлуулук жана кошумча пайдалар мыктыга татыктуулар үчүн гана. Акция 2024-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Бакай Банк Сиздин ишенимдүү банк!

Loading

От admin