242720
8 / 100

Президент Садыр Жапаров “Кабардагы” маегинде уулу Рустам тууралуу билдирди.

Айтымында, баласы инвесторлорду тартуу менен алектенип келет.

Рустам болсо инвесторлорду тартуу менен алек. Ысык-Көлдө гольф аянтчасын курдуруп жүрөт. Кудай буюрса, эмдиги жылы ачылышын кылабыз деп турабыз. Биринчи жолу аянты боюнча Орто Азияда эң чоң гольф аянтчасы болот.

Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат. Алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деп жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт.

Loading

От admin