экрана 2024 10 02 150650
8 / 100

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев жасап жаткан иштер тууралуу айтып берди.

«Таймурас дагы муктаж адамдарга үйлөрүн куруп берип, жетим-жесирлерге жардам берип жүргөнүн көрүп жүрөбүз. Кечээ жакында селдин кесепетинен улам, үйү жараксыз болуп калгандарга үй салып берип жатат.

Мурда президенттердин балдары качан жардам берчү эле. Тескерисинче, “келе” дешчү эмес беле, чынбы? Эң негизгиси мамлекетке зыян келтиришпесе болду. Жасап жаткан иштери мамлекеттин иштери менен аралашпайт.

Инвесторлор менен иштеп жатышат. Мен дайыма баарына: “Балдар, инвесторлор менен иштегиле. Өлкөгө инвесторлорду тарткыла. Тапкан пайдаңарды эч качан мамлекеттен тышка ташыбагыла. Тескерисинче, сырттан мамлекетке ташыгыла. Мына ошондо Кудайдын алдында да, кыргыз элинин алдында да жүзүңөр жарык болот”, — деп айтып турам»,-деген президент.

Loading

От admin