WhatsApp Image 2024 09 30 at 17.34.30
13 / 100

2024-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын башчылары улгайган шаар тургундарын Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Майрамдык иш-чаранын алкагында кылым карыткандарды үйүнө зыярат кылуу, акчалай жардам көрсөтүү жана азык-түлүк себеттерин жеткирүү уюштурулду.

Жаныбек Орозалиев жетектеген Октябрь районунун жетекчилиги 104 жашка толгон Хузиахметов Габдулла Шагивалиевичти, ошондой эле 100 жылдыгын белгилеген  Жумашев Аспек Жумашовичти, Пухарев Василий Дмитриевичти, Москаленко Нина Петровнаны, Аширбаева Насима Гарифовнаны  куттукташты.

Сарылбек уулу Улан жетектеген Биринчи май районунун жетекчилиги 105 жашка чыккан Алиева Гүлшан Мамедовнаны зыярат кылып, ошондой эле 100 жаштан ашкан  Үсөнова Сокен, Синусова Нина Ивановна, Дзюбенко Анна Петровна, Федорова Мария Дмитриевна, Кибраева Асымкул жана Захарева Захареваны куттукташты.

Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов 1922-жылы туулган Мария Михайловна Воронина жана 1920-жылы туулган Угулхан Муслимова баш болгон райондун жүз жылдыктарын куттуктап, аларга акчалай сертификаттарды тапшырды.

Эл аралык карылар күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясы 3802 аз камсыз болгон карыларга даректүү социалдык жардам көрсөттү. 100 жаштан жогорку курактагы 16 шаар тургунуна  өзгөчө көңүл бурулуп, аларга да акчалай жардам жана азык-түлүк топтомдору берилди.

Мындан сырткары Бакыт ордосунда 50 жылдан ашык бирге өмүр сүргөн 114 жубайларга сый-урмат көрсөтүлдү. Аларга белектер тапшырылып, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана улуу муунду сыйлоо маанилүү экендигин баса белгилешти.

Бул иш-чаралар улуу муунга көңүл бурууну, муундардын ортосундагы байланышты бекемдөөнү жана өлкөнүн тарыхына зор салым кошкондорго сый-урматты арттырууну көрсөтүп турат.

Loading

От admin