WhatsApp Image 2024 10 02 at 13.29.29
12 / 100

Бүгүн, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-
УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Казакстанда болуп өткөн 5-
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, ийгиликтүү жыйынтык
менен келген УКМКнын жоокери Р.Сапаровду кабыл алды.

Р. Сапаров Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзүнүн
шамдагай жана күчтүүлүгүн көрсөтүп “Ашырмалы аба күрөш” боюнча 1-
орунду ээлеп, эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын туусун
желбиреткен.

Мындан улам УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев жаш
жоокерди жетишкен ийгилиги менен куттуктап, ага ден соолук, иштерине
ийгилик каалады. Ошондой эле, ата-мекендин коопсуздугун коргоодо ар бир
жоокер өз милдеттерине так болуп, берилгендик менен кызмат кылуусу
керектиги белгиленди.
Аны менен катар УКМК төрагасы К.Ташиев грек-рим күрөшү
боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Жанышов Асан Курбановичти
да кабыл алды.
Буга чейин Асан Жанышов Испанияда өткөн грек-рим күрөшү
боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында 87 килограммга чейинки
салмак категориясында алтын медаль утуп, анда Грузия, Швеция жана
Румыниядан келген спортчуларды үч жолу жеңип, финалда азербайжандык
балбандан күчтүү экени аныкталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук коопсуздук мамлекеттик
комитетинин төрагасы өзгөчөлөнгөн спортчуларга акчалай сыйлыктарды
тапшырып, ийгиликтерди каалады.

Loading

От admin