photo 5467590017913316433 w
9 / 100

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан Кыргызстандын аймактарынын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбордо Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аймактарга ылайыкталган чакан кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ар бир районго ачуу зарылдыгын белгиледи. 

Өз сөзүндө Төрөбаев: “Агроөнөр жай комплексин насыялоо долбоорунун алкагында, кийинки жылга айыл чарба багытындагы кайра иштетүүчү чакан, орто өндүрүштү өнүктүрүү, аймактардын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү үчүн бюджеттен 4 миллард сомго жакын каражат бөлүүнү мерчемдеп жатабыз. Агрегаттарга 2% менен дыйкан-фермерлерге 1,5% тен берилет.  Мурда Агроөнөр жай комплексин насыялоого каралган каражаттар Бишкек, Чүйдө эле иштетилип, аймактарга жетпей калчу экен. Биз эми бул каражаттарды аймактарга да буруп, кайра иштетүү тармагындагы орто-чакан ишкерликти колдого алабыз. Мындан сырткары, райондук фондго каралган 30 миллион сомдун 5 миллион сому дагы айыл чарба багытындагы долбоорлорго жумшалат. Ушул каражатты дагы дыйкан-фермелер жакшынакай долбоор жазып келип алышса болот”, — деп билдирди ал. 

Демонстрациялык борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарда чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.

Loading

От admin