названия
8 / 100

Чүй областынын Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзам талаптарынын аткарылышына карата тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында, 25 млн 322 миң сомго бааланган Токмок шаарындагы «Восток» кинотеатрынын имараты 3206 м2 жер тилкеси менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылды.

Алсак, 2004-жылы Түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгы инвестициялык конкурстан жеңип алган Н.М. аттуу жаран менен “Восток” кинотеатрынын имаратын 340 миң сомго сатуу жолу менен менчиктештирүү келишимин түзгөн.

2006-жылы Токмок шаарынын мэриясынын токтому менен аталган жаранга кошумча 3206 м2 жер тилкеси жеке менчикке — иштеп жаткан объектини реконструкциялоо үчүн бекитилип берилген.

Ал эми, менчик ээси Н.М. инвестициялык келишимдин талаптарын бузуу менен алдын ала белгиленген бизнес-планга ылайык, инвестор тартпай, кинотеатрды өз максаты боюнча ишке киргизген эмес.

Н.М. өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, сатып алуу-сатуу келишими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы “Мамлекеттик кино тармагы жөнүндө” токтомун бузуп (ошол убакта күчүндө) ал жерде кинотеатрдын имараты өз багыты боюнча пайдаланылышы керектиги белгиленгендигине карабастан, кинотеатрдын имаратын М.А. аттуу башка бир жаранга сатып жиберген.

Аталган факт боюнча, Токмок шаарынын прокуратурасы жана УКМКнын Токмок шаардык бөлүмү менен биргелешкен текшерүүнүн жыйынтыгы менен ченемдик укуктук актынын талаптарын бузууну четтетүү жөнүндө прокурордук талап келтирилип, аны кароонун натыйжасында Токмок шаарынын мэриясынын токтому менен “Восток” кинотеатрынын имараты жер тилкеси менен биргеликте Токмок шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

Loading

От admin