13 / 100

Бишкек шаарынын мэриясы «Ыйман» жана «King Salman» фонддорунун көмөгү менен райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын каттоосунда турган 263 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү

Муниципалитеттен билдиришкендей, ар бир үй-бүлөгө эң керектүү азыктарды камтыган 50 кг азык-түлүк топтому берилди.

Аталган иш-чарага президенттин администрациясынын жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаарынын мэриясы көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн кайрымдуулук фонддоруна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Loading

От admin