1 7
10 / 100

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы Бириккен улуттар
уюмунун Башкы катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизилген.
Карылар күнүн белгилөөнүн максаты — дүйнө коомчулугунун улгайган
адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн
бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу
аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу
маалымат берүү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын
полковниги Оролбек Акпаров “Улуу муунга дайыма урмат-сый көрсөтүү,
аларды кадырлай билүү, биздин коомдун көөнөрбөс баалуулуктарынын бири
экендигин баса белгилеп, анын ичинен биздин түзүмдүн ардагерлерин унутта
калтырбастан, кандай гана учур болбосун алар менен ар дайым жолугуп,
акыл-насааттарын угуп, көйгөйлөрүн чечип берүүгө милдеттүүбүз. Жаңы
кызматка орношулган кызматкерлерди тарбиялоодо, аларга мол тажрыйбалары
менен бөлүшүүдө, насаатчылык иштерди жүргүзүүдө жана аларды
окутуп-үйрөтүүдө ролу абдан чоң экендигин баса белгилеп, сиздерге узун
өмүр, бекем ден соолук жана үй-бүлөөңүздөргө бейпилдик каалайм» – деп
куттуктоо сөзүндө билдирди.
Ушундай куттуктоолор республиканыны бардык аймактарында уюштурулуп, 
Күзөт кызматынын кызматкерлери ардагерлердин үйлөрүнө барып  узун өмүр,
бекем ден-соолук жана үй-бүлөөлөрүнө бейпилдик каалап, сыйлуу белектерин
тапшырышты.
Ардагерлер, кесиптештеринин келүүсүнө абдан кубанышып, Күзөт кызматынын
жетекчилигине жана өзүк курамына ыраазычылыктарын билдиришти.

Loading

От admin