WhatsApp Image 2024 10 01 at 14.22.51
10 / 100

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына орнотулган Муралдын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага КР ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош ОИИБнын башчысы Нурланбек Бурканов, Ош ШИИБнын башчысы Дамир Исаков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББнын башчысынын орун басары Азамат Ногойбаев, генерал-майор Э.Алиевтин небереси Чолпонбай Ниязалиев жана ИИОнун ардагерлери катышты.
Жаңы арт объектти түзүүнүн демилгечиси — ИИМдин Күзөт кызматынын түштүк башкармалыгы.
Быйыл 1-ноябрда кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленет. Милиция күнүн утурлай ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги тиешелүү бөлүмдөргө тарбиялык, маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү тапшырмасын берди.
Эргеш Алиев кыргыз милициясынын тарыхында биринчи генерал болуп, милицияда 40 жылдан ашык кызмат өтөгөн. Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын облустук ички иштер башкармалыктарын жетектеген.
Мамлекет Эргеш Алиевдин аскердик сиңирген эмгегин жогору баалап Ленин Эмгек Кызыл Туу, үч жолу Кызыл Жылдыз, эки жолу «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйлаган. Анын ысымы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясына ыйгарылган.

Loading

От admin