WhatsApp Image 2024 09 30 at 16.34.10
5 / 100

Эл аралык карылар күнүнө карата, үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында экс министр Гүлнара Баатырованын демилгеси менен “БИРГЕ” долбоорунун алкагында Жогорку Кеӊештин сүйрү залында иш-чара өттү. Ага Жогорку Кеӊештин депутаттары катышты. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөсү, журналист Элнура Кулуева билдирди.
“Үй-бүлө институтун өнүктүрүү, салттуу үй-бүлөлук баалуулуктарды сактоо жана жогорулатуу калыбына келтирүү, үй-бүлөнүн коомдун алдында жоопкерчилигин өнүктүрүү максатында ушул иш-чара өттү.
Үй-бүлөлүк мамилелердин маанилүүлүгүн жана баалуулугун унутпоо, жакын адамдарыбызга, айрыкча үй-бүлөнүн жашы өтүп калган мүчөлөрунө өзгөчө кам көрүү, сүйүү жана сый-урмат көрсөтүүнү жогорулатууну күчөтүү шарт. Улгайган жарандар коомдо, ар бир үй-бүлөдө баркталууга тийиш. Ошондуктан, биз 50-60-70 жыл бирге жашаган түгөйлөрдү чакырып сыйладык. Алар азыркы жаштардын болоор-болбос нерсеге эле таарынышып жатканы үйдөгү тарбиянын жетишсиздигинен экенин айтышты. Качан гана ортодо ишеним болгондо, ажырашуулар аз болоорун баса белгилешти”, — деди Кулуева.
2023-жылдын январь-июль айларына карата расмий статистика боюнча 45 495 нике катталса, 12 552 ажырашуулар катталган. Кыргызстанда аялдар 58 жаштан, эркек кишилер 63 жашынан тартып улгайган адам катары эсептелет.
Эске салсак, 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы 1-октябрь Эл аралык карылар күнү деп расмий майрам катары бекиткен. Ошондон бери бул күн майрам катары белгиленип келет.

Loading

От admin