WhatsApp Image 2024 09 30 at 16.45.15
8 / 100

Мамлекеттик менчикке мурда мыйзамсыз чыгарылып кеткен шаарлардын жана райондук борборлордун инфраструктуралык объектилерин кайтарып алуу боюнча иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Алай районунун аймагында жайгашкан «Алымбек-Датка» атындагы сейил багына таандык жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.
Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө Алай районунун айрым тургундары мурда райондук мамлекеттик администрациянын кызмат адамдары менен болгон байланыштарын пайдаланып, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде 1999-жылы Гүлчө а/а аймагында жайгашкан «Алымбек-Датка» атындагы сейил багына таандык болгон 13 сотых жер тилкесинин бир бөлүгүн жеке менчикке менчиктештирген. Учурда аталган участокто коммерциялык имарат бар.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 13 сотых жер участогу ыктыярдуу тартипте мамлекетке кайтарылды.
Жер тилкесинин жана кошумча курулуштун базар баасы 20 миллион 466 миң сомго бааланууда.
Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Loading

От admin