9
12 / 100

 “Кыргыз милициясына 100 жыл” мааракесин
жогорку деңгээлде өткөрүүгө арналган, ИИМдин Күзөт кызматынын
Ведомстволук милиция полкунда жаңы административдик имарат куруу иштери
жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 2024-жылдын 26-сентябрь күнү,
куруучуларга көмөк көрсөтүү боюнча “Ашар” иш-чарасы уюштурулуп Полктун
кызматкерлери курулуш иштерине активдүү катышышты.

Ведомстволук милиция полкунун ардагерлери жаңы заманбап имарат курулуп
жаткандыгын сүйүнүч менен кабыл алышып, куруучуларга кой союп ысык тамак
берүү уюштурулду.

Күзөт кызматынын ардагерлеркеңешинин төрагасы Мелс Белеков, Ведомстволук
милиция полкунун ардагерлеркеңешинин төрагасы Жаныбек Момуналиев, орун
басары А.Низамутдинов баш болгон ардагерлер мындай көрүнүштөр ИИМде көп
болуп жаткандарын айтышып, көп жакшы өзгөрүүлөр жаңы курулуштар, ИИМдин
материялдык-техникалык базасы чыңдалып, кызматкерлер жаңы автоунаалар,
жаңы кийимдер менен камсыз болуп жаткандыгын белгилеп, мурдаагы өздөрү
иштеп жүргөн учур менен азыркы абалды салыштырып ИИМдин, Күзөт
кызматынын жана Ведомстволук милиция полкунун жетекчилигине ыраазычылык
билдиришип, өздөрүнүн иштеген мол иш-тажрыйбалары менен ой бөлүшүп
каалоо тилектерин айтып, ийгилик каалашты.

Loading

От admin