img 15081 49725 768x512 1
9 / 100

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жол эрежесине кайдигер карабаган чыгармачыл, мекенчил  жарандар арасында сынак жарыялайт.
Сынакта жарандарыбызды жол эрежелерин сактоого чакыруу, жалпы жол кыймылынын катышуучуларынын (айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн) арасында жолдо жүрүү маданиятын, сый-урматын калыптандыруу жана жол кырсыгы катталган учурда жарандарыбыз кайдигер болбой, бири-бирине көмөк көрсөтүүгө үндөгөн чакыруулар камтылат.

Сынакка даярдалган материалдар
-ыр түрүндө;
-кара сөз түрүндө; (аңгеме, баяндама)
-видео тасмалар түрүндө (10 мүнөттөн ашпаган) кабыл алынат.

Сынакка жөнөтүлгөн материалдар мамлекеттик же расмий тилинде даярдалса болот.
Материалдарды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын   guobddmvdkr@gmail.com электрондук дарегине же (0709) 287290 “WhatsApp” , телеграм номуруна  2024-жылдын 15-октябрына чейин, жөнөтүү зарыл.

Сынакка катышуучулардын жаш курактарына, ээлеген кызматтарына чек коюлбайт.

Жеңүүчүлөр 20-октябрга чейин калыстар тобу тарабынан аныкталып, мыкты деп табылган ыр саптардын, видео тасмалардын жана башка материалдардын авторлоруна ИИМдин ЖКККББгы тарабынан баалуу белектер жана сыйлыктар  тапшырылып, масссалык маалымат каражаттарына чагылдырылат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: (0709) 287 290  (0703) 700 333

Loading

От admin