3
8 / 100

2024-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө
каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан «Сосновка» постунда
ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө «Део Нексия» маркасындагы автоунаа
токтотулган. Унаада атайын катылган жеринен 475 грамм болгон «гашиш»
баңгизаты табылып алынган.

Тергөө амалдарын жүргүзүүдө автомашинанын айдоочусу М.И. Токтогул
районунун аймагында өзүнүн шериктери Т. У. жана С. К. аттуу жарандар
менен биргеликте алынган баңгизатын даярдап, аны Бишкек шаарынын
аймагына сатууну көздөп алып келе жатканын билдиришкен.

Кармалган М.И., Т. У. жана С. К. Карата Жайыл райондук сотунун тергөө
судьясынын чечими менен баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып, 2
айга камакка алынды.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын
кызматкерлери учурда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында бул
кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча комплекстүү
ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Loading

От admin