1 5
12 / 100

26-сентябрь күнү Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын утурлай  жана
1-октябрь Эл аралык карылардын күнүнө карата ИИМдин Ички иликтөө
кызматынын кызматкерлери ардагерлер менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу учурунда кызматкерлер ИИМдин Ички иликтөө кызматынын
ардагерлери Кенжебай Думанаев, Татьяна Алтунина жана Джапар
Мусурбековдор менен маек уруп, алардын учурдагы ден-соолугунан жана
майрамдык маанайынан кабар алышты.

Ардагерлер кызмат учурунда болуп өткөн кызыктуу окуяларды эске салып,
жагымдуу кызмат учурунда өткөргөн күндөрүн айтып беришти. Андан соң
аларга  атайын даярдалган белектер тапшырылып, материалдык колдоо
көрсөтүү максатында акчалай жана таттуу белектер тапшырылды.

Жолугушуунун соңунда ардагерлер жылуу маанай тартуулагандары үчүн
ыраазычылыктарын билдиришти.

Loading

От admin