WhatsApp Image 2024 09 25 at 09.30.33 2
12 / 100

КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы буга чейин жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен 50 млн.сомдон ашык бааланган жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Учурда КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Loading

От admin