WhatsApp Image 2024 09 25 at 10.14.58
10 / 100

Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан тарых эстеликтерине тиешелүү объектти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, жыйынтыгында баасы 317 млн.106 миң сом же 3 млн. 750 миң АКШ долларын түзгөн мүлк мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
Тактап айтканда, Советтер Союзу кулагандан кийин, менчиктештирүүнүн жалпы толкунунда «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат, ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын менчигине берилгени аныкталды.
Белгилей кетсек, аталган мүлк тарыхый жана маданий эстелик болуп саналат, мамлекеттин коргоосунда турат жана коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максаттар үчүн гана имарат катары пайдаланылышы мүмкүн. Ошондой эле, бул имаратта көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген.
Мүлктү мамлекеттин атынан мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү максатында КР УКМК тарабынан менчик ээси менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2024-жылдын 23-сентябрында уюштуруучу жана ээси катары Ч.В.С. «Т.П.Ц.Т» ЖЧКсынын 100% акциясын өз ыктыяры менен КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүп берди.
Учурда КР УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү кайтарууга багытталган тиешелүү иштер уланууда.


Loading

От admin