WhatsApp Image 2024 09 25 at 09.42.53
8 / 100

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Каракол ШИИБне Каракол шаарынын 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу тургунунан арыз келип түшкөн. Ал арызында, 9-июнь күнү «Лалафо» жарнамалык тиркемеси аркылуу «Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа сатылганы тууралуу жарыя тапканын билдирген. Сатуучу унааны 120 000 сомго сатууга кепилдик берген, алдын ала 100 000 сомду электрондук капчыкка өткөрүп берүү шарттын негизинде. Акча которгондон кийин, сатуучу телефонду өчүрүп, жоголуп кеткендигин билдирген.

Ушундай эле арыз менен 2- сентябрь күнү Ак-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну А.Э. кайрылган. Ал арызында, 28-август күнү «Венто» үлгүсүндөгү унаанын сатуучусу менен ватсап тиркемеси аркылуу видео чалуу менен байланышып, 27 000 сомго «алдангандыгын билдирген.

Аталган арзыдар Каракол ШИИбнин КБРне катталып, КРнын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Каракол ШИИБнин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 1999-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну Б.А. аттуу шектүүнү кармалган. Тергөө учурунда, шектүүнүн Каракол шаарынын аймагында башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, учурда дагы башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги такталууда.
Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда

Эгерде кимдир бирөө бул шектүүнүн алдамчылыгынан жабыр тарткан болсо, анда Каракол ШИИБне кайрылып же 102, 0703 332 166 номурларына чалып коюңуздарды суранабыз.

Loading

От admin