1041408.e550c13aaa0429f35b354cf86583699a 1
8 / 100

Бишкек мэриясы муниципалдык кызматкерлердин жеке унааларын колдонуусуна чектөө киргизди.

«Бул демилге 2024-жылдын май айынан бери иштеп келе жатат жана шаарыбыздагы транспорттук кырдаалды жакшыртуу менен мониторинг жана талдоо жүргүзүү зарылчылыгынан улам ишке киргизилген. Ошол эле учурда бардык муниципалдык кызматкерлер бул демилгени колдошту. Көрүлгөн чаралар коомдук транспортко болгон суроо-талапты жогорулатууга, анын иштешине көзөмөлдү күчөтүүгө, жол тармагындагы тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө жарандарды тейлөөдөгү көйгөйлөрдү аныктоого жардам берет.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык Бишкек мэриясынын негизги милдеттерине шаардын жолдорунда, анын ичинде коомдук транспортто жарандардын ыңгайлуу жүрүшү үчүн шарттарды түзүү кирет. Ошол эле учурда «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамында муниципалдык кызматчылар кызматтык милдеттерин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган чечимдерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга жана кызмат өтөө үчүн белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алууга милдеттүү экендиги каралган.

Тартиптик жаза чараларын көрүү муниципалитеттин айрым кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен, ошондой эле муниципалитеттин аппаратында адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдөн улам келип чыккан. Бул иш-чаралардын кабыл алынышы коомдук кызыкчылыктарды коргоого, кызматкерлердин арасында тартипти камсыздоого багытталган, ошондой эле коомдук транспортту колдонууда жөнөкөй жарандар туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

Бишкек шаарынын мэриясынын демилгесин президенттин администрациясы колдоду. Тиешелүү тапшырма Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү боюнча сунуштама менен жөнөтүлдү.

Ушундай эле демилгени орус депутаттары мыйзам чыгаруу деңгээлинде пландап жатышат, тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Плякин кароого киргизди. Мыйзам долбоорунда аткаминерлерди жана депутаттарды жума сайын эки күн жумушка коомдук транспорт менен келүүнү милдеттендирүү сунушталууда. Бул чара абанын булганышын азайтуу гана эмес, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан коомдук транспортко колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн «Унаасыз күндөр» акциясынын алкагында киргизилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Loading

От admin