c584e77a 3f27 4419 afe4
8 / 100

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны азайбай жатканын айтып, 2010-жылдан бери жабылып турган «Кичи-Капка» чек ара бекетин тезирээк ачууну сунуштады.

Эл өкүлү өз сөзүндө жакында гана Таласка барып келгенин белгилеп, бирок  2025-жылы ачылат деген аталган бекетте бүгүнкү күндө эч кандай жылыш жоктугун өзү жеринен көрүп келгенин айтты. 

«Кичи-Капка» чек ара бекети  2025-жылы ачылат деп айттыңыздар эле, бирок ошого жараша иш болбой жатат. Жалпы Талас эли суранып жатат, ушуну бир көзөмөлгө алсаңыздар. Анкени кызматкерлер аракет кылганы менен бир чек ара пункту жетишпей жатат. Товарлардын жана адамдардын агымы көп, оор жүк ташуучу унаалардын тынымсыз кезек күтүүсү байкалууда.

Андыктан ушул  Кичи-Капканын ондоо иштерин (инфраструктурасын) эртерээк бүтүрүп, посту ачкыла. Керек болсо, бул  Талас элинин үнүн президенттин өзүнө жеткиргиле» — деп кошумчалады депутат.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев  бул маселе боюнча бүгүнкү күндө иш жүрүп жатканын жана  АӨБнын жардамы менен долбоордук-сметалык документтери бүтүрүү стадиясында экенин айтты. 

«Жылдын аягында жана 2025-жылдын башында толук кандуу курулуш башталат», — деп түшүндүрдү   УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев.

Ошол эле учурда эл өкүлү Дастанбек Жумабеков 2025-жылы дагы келип калганын айтып, «күтөбүз»,- деди. 

Белгилей кетсек, буга чейин чек ара бекетин ачууда Казакстан тараптын бардык инфраструктурасы даяр экени, Кыргызстанга бажы бекетин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүү талабы коюлганы кабарланган.

Маалым болгондой кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги маал-маалы менен пайда болуп турат. Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.

Loading

От admin