whatsapp image 2024 09 16 at 08 02 03 2.1126x0 is
8 / 100

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жогорку деңгээлдеги оюн көрсөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Эске салсак, Астана шаарында өткөн мелдеште кыргызстандык көк бөрүчүлөр финалда Казакстандын улакчыларын 10:4 эсеби менен жеңип, чемпион аталды.

«Көк бөрүчүлөр Чолпон-Ата шаарында даярданышкан. Россия, Түркия, Өзбекстан курамалары менен биргеликте окуу-машыгууларын өткөрүштү. Көчмөндөр оюндарында ойлогон максаттарга жеттик. Көк бөрүнү даңазалоо максатында татыктуу, жогорку деңгээлдеги оюндар болду. Президент Садыр Жапаровго колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз оюнга өзүбүздүн машыккан аттарыбызды, жем-чөп, суусунан бери алып бардык. Мунун баары оюнга оң таасирин тийгизди», — деди ал.

Ошондой эле Рамис Жунусалиев көк бөрү оюнунун алкагында бардык мамлекеттер менен иштешүүгө даяр экендиктерин белгиледи.

“Былтыр биз АКШда федерациябызды ачканбыз. Андан тышкары, Россияда 18 федерациябыз бар. Менин оюмча көк бөрүнүн келечеги чоң. Биз аны 2-3 жылдын ичинде далилдеп бере алабыз. Биз 2-3 жылдан бери эл аралык деңгээлде оюндарды өткөрүүгө аракет жасап жатабыз. Былтыр клубдук форматта оюндар өткөн. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Эмки жылдын календарлык пландарына биз эл аралык оюндарды киргизебиз. Эл аралык масштабдда чоң иштерди алып барабыз”, — деди Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти.

Loading

От admin