whatsapp image 2024 09
8 / 100

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Ысык-Көлдө көкпар, көк бөрү боюнча «Биримдик» кубогун өткөрүү максатында Казакстандын командасын Ысык-Көлгө чакырды.

Федерация жетекчиси Рамис Жунусалиев чакыруу катты казак тарапка бүгүн жөнөтүшкөнүн айтты

«Көкпар федерациясын күнөөлүү деп эсептебейбиз. Финалда күнөө калыстардан, оюнчулардан кетип калды. Көкпар федерациясы менен мындан ары кызматташууга даярбыз. 1-ноябрда Ысык-Көлдө ошол эле курам менен «Биримдик» кубогун өткөрөлү деп бүгүн расмий түрдө Казакстанга кат жөнөттүк. Бул оюн, спорт. Эки элдин ынтымагы үчүн амбицияны сыртка таштап, бардык кадамдарга барганга даярбыз», — деген Жунушалиев маалымат жыйында.

Loading

От admin