8 / 100

Кыргызстанда чыгарылган тик учактар сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, тик учактар эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт.

«Баасы 60 миң доллардан жогору экен. Кыска аралыкта мамлекетибизде унаа, тик учактарды чыгарган жана башка завод-фабрикалар ачылууда», — деп жазды ал.

Loading

От admin