hd 1725959452310
8 / 100

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңеште ЖККУ ПА кеңешине караштуу ЖККУ мүчө мамлекеттеринин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин (комиссияларынын) төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин алкагында ЖККУ ПА Катчылыгы менен Кыргыз Республикасынын илимий жана билим берүү уюмдары жана мекемелери ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети,  И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети,  Ош мамлекеттик университети, ошондой эле Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети менен келишимдерге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев белгилегендей, макулдашуулар илимий-изилдөө, укуктук, гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүгө жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Андан соң Координациялык кеңешменин катышуучулары Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примовдун коштоосунда Жогорку Кеңештин жыйындар залына жана музейине барып, парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Loading

От admin