экрана 2024 09 11 113056
8 / 100

Эл өкүлү Дастан Бекешев өкмөттүн студенттер саат 10дон баштап окусун деген токтому жол тыгынын ого бетер көбөйткөнүн белгиледи.

«Сабак саат 10до башталса, экинчи нөөмөттө окугандар саат 20-21:00гө чейин окуп жатышат. Натыйжада жолдогу тыгын 18:00дөн 21:30га чейин уланууда. Эмнеге тыгынды дагы 3 саатка узартып жатасыңар? Бул чечимдин маңызы түшүнүксүз. Студенттерге эксперимент кылганды токтотпойлубу, дайыма ушундай кылабыз. Бул чечимди артка кайтарыш керек. Саат 20:00дө эч ким сабак өткүсү да, окугусу да келбей калат», — деди Бекешев.

Депутатты төрага Нурланбек Шакиев дагы колдоп, бул чечим кичинекей балдарга дагы терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

«Бала саат жетиге мектепке барыш үчүн алтыда турушу керек. Анан кеч дагы калышууда. Бул боюнча бизге дагы кайрылуулар түшүп жатат. Минкаб муну чечиши керек», — деди Шакиев.

Марлен Маматалиев жаңы график шаар тургундарынын жашоосун татаалдаштырып салганын айтты. Эл өкүлү азыр ата-энелер балдарын мектепке жеткизгенден кийин кайра үйүнө барып анан жумушка чыгып жатканын белгилеген.

Азыр ЖОЖдо сабактар 10:00дө, айрым мектептерде 7:30да башталууда.

Loading

От admin