9 / 100

КР УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү
боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны
О.П.Назаровдун «Криминалдык авторитет» «Салимбойвачча» каймана аты менен
белгилүү Өзбекстан Республикасынын жараны С.Абдувалиев менен байланышы
бар экендиги аныкталган.
Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-
беренеси («Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо») боюнча
козголгон кылмыш ишинин алкагында О.П.Назаров КР УКМКнын тергөө
органдары тарабынан С. Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу
жагдайлары боюнча суракка алынды.
Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында С.Абдувалиевдин кылмыш
ишине тиешеси бар башка КР жарандарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-
чаралары улантылууда.

Loading

От admin