8 / 100

Былтыр 15-декабрда экинчи Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров: “Коррупцияга каршы күрөш бир эле жолу эмес, үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткан аракет болушу керек. Коррупция биздин элдин эле эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн социалдык көйгөйү. Коррупциянын айынан мамлекетибиз 30 жылга жакын өнүкпөй, саналуу гана адам байып, карапайым эл жакырчылыкта жашап келген. Учурда коррупцияга каршы иш-чаралар кызуу жүрүп жатат. Миллиарддаган долларлар мамлекеттик казынага кайтып келүүдө”, — деп баса белгилеген.

Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш активдүү уланууда. Жакын арадагы эле УКМКнын иштерин мисал келтирели. Чүй облусунун Кемин районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 353 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул жер Кемин районунун четинде жайгашкан. Өлкө башчысынын чечими менен бул жерге Мамлекеттик ипотекалык компания 9 кабаттуу турак жайларды курат. 100 миңден ашык үй-бүлө 25 жылдык ипотека менен батир алышат. Курулуш иштери келерки жылдын жазында башталат.

Бийликке келген бардык президенттер коррупцияга каршы күрөш жарыялап келишкен. Бирок алардын убадалары сөз жүзүндө гана калды. Коррупция гүлдөп, мамлекеттик түзүмдөрдүн тегерегинде сагаалап жүргөн бир ууч адамдардар гана байып келишкен.

Азыркы бийлик да коррупцияга каршы күрөштү катуу жар салган. Мурдагы бийликтин убадаларынан тайсалдаган коом коррупцияга каршы күрөш деген ураанды ирония жана күмөн менен кабыл алды. Бирок, көп өтпөй коррупциялык иштерге аралашкан мурдагы жана азыркы аткаминерлерди чуулуу камакка алуулар чындап эле башталды. Ал эми алардын баары тергөө менен кызматташкандыгы үчүн камактан бошотулган. Анын үстүнө алардын бардыгы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурган. Коомчулукта аларды эмне үчүн бошотуп жиберишти, “ууру түрмөдө болушу керек” деген нааразычылыктар пайда болгон. Буга президент Садыр Жапаров өзү толугу менен түшүнүктүү жооп берген: «Эмне үчүн аларды жаза аткаруу мекемелеринде кармап, мамлекеттин каражатын жумшашыбыз керек? Алар өздөрүнүн жазаларын алышты, мүлктөрүнөн айрылышты».

Бүгүнкү күндө мындай мисалдарды манжа менен санап болбойт. Мамлекеттин казынасына миллиарддаган акчалар түшүп жатат, көптөгөн имараттар жана курулуштар, жер тилкелери кайтарылды.

Эң негизгиси азыркы бийлик убадасын аткара баштаганына эл ынанды. Социалдык тармактарда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылып, жардам сурагандар көбөйдү. Бийлик мындай кайрылууларга дароо реакция кылып, тиешелүү чечимдерди кабыл алууда. Бул адилеттүүлүккө болгон ишенимди бекемдейт.

Коррупцияга каршы күрөш активдүү уланууда. Албетте, аны жок кылуу кыйын, бирок азайтса болот. Коррупциянын азайышы жашоонун көптөгөн тармактарында байкалууда.

Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги, Бактыбек Мамбетов

Loading

От admin