1920 1080 zSnjOK
9 / 100
1920 1080 zSnjOK

ААК Кыргызстан Коммерциялык Банкы MBANK өзүнүн мобилдик тиркемесинде, унаа ээлери үчүн ОСАГО полисин сатып алуу процессин бир кыйла жөнөкөйлөтүүчү жана тездетүү үчүн жаңы «ОСАГО» онлайн сервисинин ишке киргендигин жарыялайт. Эми сиз камсыздандыруу компаниясынын кеңсесине барбастан,сиз каалаган, ыңгайлуу убакта онлайн түрдө камсыздандырууга арыз бере аласыз.

MBANK тиркемесинде ОСАГО кызматынын артыкчылыктары:

  • Жөнөкөй жана интуитивдик каттоо: Полисти MBANK тиркемесинде бир нече баскыч менен каттоого болот.
  • Бааларды ыкчам эсептөө жана ишенимдүү камсыздандыруу компаниясын тандоо: Кызмат тез арада чыгымдардын суммасын алууга жана камсыздандыруу компаниясын тандоого мүмкүндүк берет.
  • Полисиңизди бир тиркемеден башкарыңыз: Бардык ОСАГО камсыздандырууларыңыз колдонмодо сакталып, аларды башкарууну жеңилдетет.

«ОСАГО Кыргызстанда милдеттүү экенин эске алып, жаңы мыйзамды колдоого жана MBANK тиркемесинде «ОСАГО» кызматынын ыңгайлуулугун пайдаланууга чакырабыз. Бул жаңылык камсыздандырууну алуу процессин жөнөкөй жана мүмкүн болушунча ылдам кылуу үчүн түзүлгөн., бул жаңы талаптардын шарттарында бардык унаа ээлери үчүн өзгөчө маанилүү», — деп белгиледи банктын санариптик сервистерди жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча Директору Кубаныч Шатемиров.

Онлайн ОСАГО кантип каттоого болот?

  1. MBANK тиркемесин жүктөп алыңыз жана аны акыркы версиясына жаңыртыңыз
  2. «ОСАГО» кызматын тандаңыз
  3. Керектүү маалыматтарды киргизиңиз
  4. Даяр полисти MBANKтан көчүрүп алса болот
  5. Анын жеткиликтүүлүгүн Кыргыз Камсыздандыруучулар Ассоциациясынын сайтынан текшериңиз

ОСАГО кызматы Кыргыз Республикасынын рыногунда 16 жылдан ашык ийгиликтүү иштеп келе жаткан «НСК» алдынкы камсыздандыруу компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

MBANK – биринчи санарип

КР УБ №014 Лицензиясы

Loading

От admin