2015627.14089fa345233d36af7eddf3ba4e0cdb
9 / 100

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин жыйынында министрлерге көп иштеш керектигин айтты:

«Биз көп иштешибиз керек. Эс алуу деген бизде болбошу керек. Көлдө шорта кийип алып, күнгө какталып жаткан бир да министр болбошу керек. «Имейте ввиду» көрбөйүн, чоң чара көрөм. Бизде эмгек өргүү деген болбойт»,- деди Ташиев. 

Ал буга өзүн мисал кылды. «Мен таңкы 5тен бери жумуштамын. Министрлер «жумуш саат 08:30 же 09:00дө башталат» деп келесиңер. Андай болбойт. Баарыңар саат 6дан баштап жумушта болушуңар керек. Бул биздин элге көрсөткөн үлгүбүз болот»,- деди ал.

Loading

От admin