KT1
11 / 100

 Облустук бириктирилген ооруканаларга орнотулган беш компьютердик томограф медициналык сүрөттөрдүн санариптик бирдиктүү түйүнүнө кошулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Демилгенин негизги максаты — медициналык сүрөттөр менен алмашууну жеңилдетүү. Мындай ыкма аймактардагы бейтаптардын диагностикадан өтүүсүн жана дарыланууну баштоосун кыйла жеңилдетет.

«Санариптик саламаттык сактоону туруктуу өнүктүрүү — реформанын негизги бөлүгү. Биз «маалыматтар бейтап менен кошо жүрөт» принцибин ишке ашырышыбыз керек», — деди министрликтин жетекчиси Гүлнара Баатырова.

Алдыңкы улуттук борборлор жогорку квалификациялуу дарыгерлер менен биргеликте компьютердик томографиядан келген санариптик сүрөттөрдү сүрөттөө менен алектенишет. Мындай нерсе жыйынтыкты сапаттуу жана так чечмелөөгө кепилдик берет.

«Санариптик медициналык сүрөттөрдү сактоонун бирдиктүү системасын түзүү андагы маалыматтарды медициналык окуу жайлардын студенттерин окутууда, практикадагы дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууда дагы колдонулат», — деп айтылат маалыматта.

Эң башкысы, мурдагыдай болуп сүрөттөрдү мекемеден мекемеге жөнөтүү зарылчылыгы жоюлуп, убакыт үнөмдөлөт. Чыгым дагы азаят.

Loading

От admin